Милиция Ошто 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгонун билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 12-февралда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы орто мектептин имаратынын алдында 9-класстын окуучусу жыгылып, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Күбөлөр №39 мектептин окуучулары пикир келишпестиктен улам уруша кетип, 9-класстын окуучусу ур-токмокко кабылып, эсин жоготуп кулап калганын айтышкан. Бул окуя Кара-Суу райондук милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине “Ден-соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен катталган.

Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, маркумду ошол эле мектептин 17 жаштагы окуучусу (Р.Н.) сабаганы аныкталган. Ал шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланып жатат.

Жакында эле Бишкектеги №72 орто мектептин окуучусу ур-токмоктон каза болгону айтылып, “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн соң суицидге барган балдардын жакындары өспүрүмдөр мектептеги чоңсунуунун, рэкетчиликтин айынан өзүнө кол салышканын билдиришкен. ИИМ балдардын ата-энелери миграцияда болгонун негизги себеп катары көрсөткөн. (BTo)

Дагы караңыз

“Бишкек парк” соода борборунда чыккан өрт өчүрүлдү12-февраль: Сот Ататүрк паркы боюнча мэриянын чечимин колдоду, ооруканадагы өрт эки баланын өмүрүн алды CPJ: Былтыр дүйнөдө 124 журналист ажал тапты, анын 70% Газага тиешелүү Хегсет: Украинанын 2014-жылга чейинки чек араларына кайтуусу реалдуу эмес “ЭлКаттын" жетекчиси жана негиздөөчүлөрү 3-апрелге чейин камалдыФутбол: Кыргызстандын жаштар курамасы Австралияга 1:5 эсебинде утулдуМектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмү иликтенүүдө Конституциялык сот Ататүрк паркы боюнча мэриянын чечимин мыйзамдуу деп тапты