9-февралга караган түнү Орусиянын армиясы "Шахед" дрондору менен Украинанын Сумы шаарына чабуул койду.
Сумынын вице-мэри Станислав Поляковдун маалыматына караганда, чабуулдан төрт көп кабаттуу үй, бир турак жай жана коммерциялык имараттарга зыян келтирилген.
1987-жылы туулган аял жаракат алып, ооруканга жеткирилди.
Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматы боюнча дрон сыныктары 15 автоунаага тийип, алты машина өрттөндү.
Маалыматка караганда, Украинанын абадан коргонуу күчтөрү орусиялык 83 учкучсуз учактын 61ин атып түшүргөн. Аткылоо Киев, Харьков, Полтава, Сумы, Чернигов, Кировоград, Хмельницкий, Днепропетров, Запорожье, Николаев жана Херсон облустарында катталган.
Орусия Украинага 2022-жылы февралда кол салган. Ошондон бери жай тургундар жана инфратүзүмдөр бутага алынып келет. Москва муну мойнуна албайт. (AiA)
Дагы караңыз
ТИМ Пуэрто-Рикодо Кыргызстандын эки жараны кармалганын билдирдиШаардык сот Султанбековдун кармалганы боюнча прокуратурага каршы арызды четке какты "Крокустагы" кол салуу боюнча тергөө аяктап калды, иш мартта сотко өтүшү мүмкүн Депутат Токтошев MCN криптоактивин жарнама кылгандарды да жоопко тартууну сунуштады