Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев MCN coin криптоактивин жарнама кылган аттуу-баштуу адамдарды да жоопкерчиликке тартуу демилгесин көтөрдү.
Бул тууралуу ал парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 10-февралдагы жыйынында айтып, Улуттук банкты элге шылуундардан сактанууга байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.
“Аларды мамлекет көзөмөлдөбөйт. Бирок силер (ред.: Улуттук банк) маалымат берип турушуңар керек. Себеби мунун баары финансылык сабатсыздыктан келип чыгууда. Экинчиден, аттуу-баштуу кишилер да жарнама кылып, алар да түрткү болуп калууда. Ушул жагынан да укуктук жоопкерчилик каралып, мыйзамдын негизинде баары жооп бериши керек”, - деди ал.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров виртуалдык активдер, криптовалюта боюнча элге жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматтар берилип жатканын айтты.
Кыргызстанда MCN coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналган эки адам камалды. Буга чейин MCN coin криптоактивин уюштургандардын бири Исрадин Субанбековдун Улуттук телеканалда анын колдору кишенделген абалдагы видеосу жарыяланган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган.
Ал “MCN сoin менен иштегенине бир жыл болгонун, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере алышпасын, жалган убадаларды беришкенин” айткан жана кечирим сураган. Анын сөзү боюнча, MCN сoin аркылуу алар 2,5 млн доллар пайда табышкан.
Буга чейин Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматы (Финкөзөмөл) MCN coin Кыргызстанда расмий каттоодон өтпөгөнүн, аны сатып жаткандардын ишмердиги мыйзамсыз экенин эскерткен.
Соңку айларда Кыргызстанда бул криптоактивди жарнамалоо күчөгөн. Аны уюштургандар ири киреше булагы катары сыпаттап, сатып алгандар “тез эле миллионер болот” деп убада кылып келген. Ага коомчулукк аты белгилүү адамдар да тартылган.
Адистер бул “каржы пирамидасы” экенин белгилеп, андан оолак болууну эскертишкен. (BTo)
Дагы караңыз
ТИМ Пуэрто-Рикодо Кыргызстандын эки жараны кармалганын билдирдиЖалган жалаа үчүн айыпка жыгылган адамдан өндүрүлгөн айып пул бюджетке түшөт Кыргызстанда орточо айлык акы 37 миң 360 сом деп эсептелдиМинистр Кулубаев АКШнын элчиси менен миграция маселесин талкууладыGergert Sport дүкөнүнүн негиздөөчүсү Виталий Гергерт эркиндикке чыктыДепутат өкмөттү мыйзам долбоорлорун өз алдынча өзгөртпөөгө чакырды УКМК ырчы Кайрат Примбердиевге кылмыш иши козголгонун билдирдиМүнхенде ашынган оңчулдарга каршы 250 миңдей адам катышкан акция өттү