Бишкек ЖЭБине газ жагуунун көлөмүн көбөйтүү маселеси талкууланды

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 9-февралда Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) барды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, борбор кааланы жылуулук менен сапаттуу, ишенимдүү камсыздоо, былтыркы аварияда бузулган жабдууларды кайра калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

"ЖЭБдин иши менен таанышкандан кийин 2024-2025-жылдагы жылытуу мезгилинин жыйынтыгын чыгарган чогулуш болду. Анда бир катар талылуу маселелер талданып, аларды жоюу чаралары каралды. Тактап айтканда, ыш көйгөйү, Бишкекти газдаштыруунун алкагында ЖЭБде көгүлтүр отту жагуунун көлөмүн көбөйтүү жагы талкууланды", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин ЖЭБге 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине 1 миллион тонна көмүр, 110 679 млн куб газ жана 8 000 тонна мазут керектелери айтылган.

Былтыр жыл аягында Бишкек мэриясы ЖЭБге республикалык бюджеттен 1 миллиард сом насыя алуу демилгесин көтөргөн. Мэр Айбек Жунушалиев ишкана учурда финансылык жактан оор абалда экенин айткан. Өкмөт 2024-жылы ЖЭБди шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берген.

Соңку жылдары Бишкекте айрыкча жылытуу мезгилинде ыш негизги көйгөйлөрдүн бири болуп калды жана маал-маалы менен абасы кир шаарлардын сап башына чыгып келет. Адистердин ырасташынча, абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, ЖЭБиндеги көмүрдөн чыккан түтүн, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, машиналар булгайт.

Дагы караңыз

Өкмөт соода логистикалык борборлорду, кампаларды курууга 40 млн доллар насыя алды Трамп Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирдиМүнхенде ашынган оңчулдарга каршы 250 миңдей адам катышкан акция өттүТИМ Европарламент өкүлдөрүнүн сапарынын жылдырылышын түшүндүрдү Жалган жалаа үчүн айып каралган мыйзам күчүнө кирдиCIT: былтыр чабуулдарда Украина менен Орусияда 2,6 миңдей жайкын тургун набыт болгонЛиванда Наваф Салам башкарган жаңы өкмөт түзүлгөнү жарыяландыСот Султанбековдун, Карамушкинанын жана Түрксевердин абактагы мөөнөтүн узартты ХАМАС радикал тобу барымтадан дагы үч израилдик туткунду бошотту