Кыргыз өкмөтү кайра иштетүү тармагын жандандыруу максатында соода логистикалык борборлорду, азык-түлүк сакталчу кампаларды, муздаткычтарды куруу үчүн “Азия өнүктүрүү” банкы аркылуу 40 миллион доллар насыя алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди. Анда каражат фермерлерге эмес, бирикмелерге курулуш үчүн берилерин, аны “Айыл банк” аркылуу алса болорун маалымдады.
Быйыл жыл башынан тартып "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү колдоо" долбоору ишке кирген.
Былтыр сентябрда Төрөбаев майда дыйкан чарбаларды кооперативдерге бириктирип, ирилешүү болорун билдирген. Бул багытта атайын план-программа иштелип чыкканын, ага ылайык, 2030-жылга чейин чакан чарбаларды 400дөн ашык кооперативге бириктирүү каралып жатканын маалымдаган.
Аталган министрликтин маалыматына ылайык, учурда 741 айыл чарба кооперативи бар. Аларга 53 миңден ашык гектар жер бөлүп берилген. Кооперативдерге “Айыл чарбасын каржылоо-12” жана “Агроөнөр жай комплексин каржылоо” долбоорлорунун алкагында жеңилдетилген насыялар берилген.
Дагы караңыз
Мүнхенде ашынган оңчулдарга каршы 250 миңдей адам катышкан акция өттүТрамп Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирдиТИМ Европарламент өкүлдөрүнүн сапарынын жылдырылышын түшүндүрдү Жалган жалаа үчүн айып каралган мыйзам күчүнө кирдиCIT: былтыр чабуулдарда Украина менен Орусияда 2,6 миңдей жайкын тургун набыт болгонЛиванда Наваф Салам башкарган жаңы өкмөт түзүлгөнү жарыяландыСот Султанбековдун, Карамушкинанын жана Түрксевердин абактагы мөөнөтүн узартты ХАМАС радикал тобу барымтадан дагы үч израилдик туткунду бошотту