Жалган жалаа үчүн айып каралган мыйзам күчүнө кирди

Коллаж.

Кыргызстанда интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу каралган мыйзам 10-февралдан тартып күчүнө кирди. Документке Садыр Жапаров өткөн айдын аягында кол койгон.

Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун былтыр жыл аягында кабыл алган.

Эми мазактоо жана жалаа жабууга байланыштуу арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе, жалган маалымат таратты делген адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат.

Документтин баштапкы вариантында кайсы бир адамдын арызынан улам айып пул салуу же салбоо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берилгени жазылган. Ошондой эле жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, юридикалык жактар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилери белгиленген.

Бул коомчулукта нааразылык жаратып, кийин айып пул азайтылган жана арыздарды карай турган орган алмашкан.

Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин медиалар жана бир катар эл аралык уюмдар мыйзам долбоору кабыл алынса өлкөдө пикирин ачык айткандарды жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршы экенин билдирип келишет.

Дагы караңыз

CIT: былтыр чабуулдарда Украина менен Орусияда 2,6 миңдей жайкын тургун набыт болгонЛиванда Наваф Салам башкарган жаңы өкмөт түзүлгөнү жарыяландыСот Султанбековдун, Карамушкинанын жана Түрксевердин абактагы мөөнөтүн узартты Кадырбек Атамбаев Султанбеков сотко жеткирерде эсин жоготконун билдирдиMCN Coin иши: эки адам алдамчылыкка шек саналып камалды ХАМАС радикал тобу барымтадан дагы үч израилдик туткунду бошоттуУкраина Орусия 140тай дрон менен чабуул жасаганын билдирди ТИМ Европарламент өкүлдөрүнүн сапарынын жылдырылышын түшүндүрдү Садыр Жапаров Брунейди адал индустриясы жаатында кызматташууга чакырды ӨКМ жетекчилердин атын атаган алдамчылар пайда болгонун эскертти