Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Фейсбук социалдык тармагында Ali Osman деген ат менен катталган 47 жаштагы жаран (К.А.А.) Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелерине шек саналып кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ага Фейсбукта "массалык башаламандыктарга жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө чакырыктарды байма-бай жарыялап келген" деген айып коюлду.
К.А.А. жоопкерчиликтен качуу үчүн фейк аккаунттарды колдонгону айтылат. Андан тышкары ал Кыргызстанда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экени аныкталган.
Шектүүнүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.
УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга, ошондой эле массалык башаламандыктарды уюштурууга жана ага катышууга багытталган аракеттер үчүн мыйзамда 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертти.
Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн адамдарга иш козголуп соттолгон же камалып чыккан окуялар болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Бастрыкин Орусияда мигранттар боюнча сотко өткөн иштер көбөйгөнүн айтты Bloomberg: АКШ Украинадагы согушту жайгаруу планын сунуштайт Элчи Бөкөнтаев Орусияда миграциялык мыйзам саясатташып кетпеши керектигин айттыИзраил министри ЦАХАЛга Газанын тургундарын чыгарып кетүү планын даярдоону тапшырдыМинистр: Кытай менен чек арада көмүр логистикалык борбору быйыл ишке берилетКыргызстанда жыл башынан бери кызамык жуккан эки бала чарчап калдыТүркияда эки жыл мурдагы зилзаланын курмандыктары эскерилүүдө Сот Динара Кутманова менен анын уулун сегиз жылдан абакка кести