Министр “Эл үмүтү” стипендиясын алгандар Кыргызстанда иштебей жатканын айтты

Догдуркүл Кендирбаева.

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алып, чет өлкөлөрдөгү университеттерде окугандар Кыргызстанга келип иштөөдөн баш тартып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин 6-февралдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын сөзүнө караганда, мындан ары “Эл үмүтү” стипендиясын алгандар чет жактагы окуусун аяктагандан кийин Кыргызстанда милдеттүү түрдө иштейт деген талап киргизилди.

“Үч жылда стипендия алган 36 адамга 177 млн 747 миң сом жумшалды. Быйылкы жылдан баштап алардан мамлекетке иштөөсүн талап кыла баштайбыз. Буга чейин аларга эркиндик берилген экен. Окуусун бүтүп келгенден кийин Кыргызстанда иштейт болбосо каражатты мамлекетке кайра төлөйт”, - деди ал.

“Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы 10-майда кол койгон.

Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.

Документке ылайык, техникалык жана инженердик багыттарга артыкчылык берилет. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырса болот. Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө он стипендия бөлүнөт.

Кыргызстандык эгемендик тарыхында студенттердин чет өлкөлөрдө окуусун колдоо боюнча мурда “XXI кылымдын кадрлары” деген улуттук программа иштеген. Ага ылайык, окуу акысын мамлекет төлөп берген студенттер чет өлкөдө университетти бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде иштеши керек болчу.

Кийинчерээк программаны каржылоо жана уюштуруу иштери аксап, өз максатына жетпей калган. (BTo)

Дагы караңыз

Грузиянын парламенти оппозициялык депутаттарды мандатынан ажыраттыКасымалиев АКШ элчиси Вигери менен эки өлкө кызматташтыгын талкууладыПрезидент Садыр Жапаров элди шайлоого активдүү катышууга чакырдыЖогорку Кеңеш фамилияга "теги" мүчөсүн кошуу боюнча мыйзам долбоорун колдодуБУУ: Конгодо түрмөдөн качкандар 150дөн ашуун аялды зордуктап, өлтүргөнАзербайжан Украинага гуманитардык жардам үчүн 1 млн доллар бөлөтОрусияда тергөө абактарында, кармоо учурунда былтыр кеминде 50 адам каза болгону кабарланды5-февраль: Депутаттар Мишустинди сындады, Орусияда жаңы миграциялык эреже күчүнө кирди