5-февралда Украина менен Орусия туткундарды алмашты. Украин президенти Владимир Зеленский Телеграмга жазгандай, 150 украиналык туткун мекенине кайтты. Туткундарды алмашуу процесси Бириккен Араб Эмираттарынын ортомчулугу менен жетишилди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирип, украин президенти да ырастады.
Зеленский Украинага кайтып келген аскер кызматкерлеринин арасында Мариупол үчүн салгылашууларда туткунга алынгандар да бар экенин айтты. Анын айтымында, айрым аскерлер Орусияда туткунда эки жылдан ашык убакыт өткөргөн.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, туткундагы орусиялык аскерлер Беларустун аймагына чыгарылды. Алар Орусиядагы госпиталдарга жеткирилет.
Бул быйыл жыл башынан берки эки тараптын экинчи туткун алмашуу жараяны. Буга чейин Украина менен Орусия 15-январда 25тен туткун айырбаштаган. Анда да туткун алмашуу Бириккен Араб Эмираттарынын жардамы менен ишке ашкан. (AiA)
Дагы караңыз
Reuters: Актауда кыйраган учакты орус ракетасы атып түшүргөн Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды чыгаруу режими күчүнө кирдиИИМ Маданият министрлигинин кызматкери коррупцияга шек саналып кармалганын маалымдады