Президент Садыр Жапаров канзаада Рахим Ага Ханга дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы, атасы Карим Ага-Хан IV дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
Президенттин расмий сайтына чыккан телеграммада “Карим Ага-Хан IV өз өмүрүн элдин жакшылыгына арнап, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү жаатына зор салым кошуп, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга үмүт жана мүмкүнчүлүк тартуулаганы” айтылат.
Карим Ага-Хан IV 4-февралда Португалиянын борбору Лиссабондо 88 жашында дүйнө салды. Ал 1957-жылдан бери Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин коомун жетектеп келаткан. Карим Ага-Хан IV Кыргызстанга бир нече жолу келип кеткен.
Ага Хан фонду Кыргызстанда 2002-жылдан бери ар кыл программаларды жана долбоорлорду ишке ашырып, орто жана чакан бизнести каржылоо менен билим берүү чөйрөсүндө иш алып барат.
Нарын облусунда фонддун Борбор Азия университети бар. (BTo)
Дагы караңыз
Кемпир-Абад иши: фоноскопиялык жана техникалык экспертиза жүргүзүү сунушталды Трамп палестиндерге Газадан көчүүнү сунуштап, аймактын экономикасын өнүктүрө турганын айтты Вице-спикер Президенттин аппараты ЖКнын аппаратына кысым кылып жатканын айттыМилиция журналистти 825 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалганын билдирди Бээжинде кыргыз-кытай кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюлду Депутат Акаев орус өкмөт башчысынын Кыргызстанга дооматы негизсиз болгонун айттыТажикстанда төңкөрүш аракетине айыпталгандар абакка кесилдиЖер көчкү көркунучу бар Арстанбап-Ата айылынын жашоочулары коопсуз жерге көчүрүлөт