"Миллион доллар беребиз". Күмөндүү криптоактивди жарнамалоо жайылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда MCN coin аттуу күмөндүү криптоактивдин түрүн жарнамалоо күчөдү. Жарнама кылгандар бул ири киреше булагы экенин айтып, аны сатып алгандарды кыска убакытта "миллионер болосуңар" деп убада кылууда. Адистер болсо аталган нерсе ачыктан-ачык "каржы пирамидасы" экенин эскертип, андан оолак болууга чакырууда. Ал эми Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы MCN coin атайын уруксат кагазын албаганын айтып, ишмердүүлүгүн укук коргоо органдары текшерип жатканын маалымдады.