Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Юстиция министрлигинен кайра ажыратылып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) болуп түзүлдү. Мекеме Министрлер кабинетине караштуу болот. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы мындан ары Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти деп аталат.
Өкмөт бир айдын ичинде тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын долбоорун даярдап чыгат.
2021-жылы Кыргызстанда өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилип, мамлекеттик агенттик, комитеттер менен фонддор министрликтерге кошулган. Бул жараяндын негизинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) түздөн-түз өкмөткө эмес, Юстиция министрлигине карап калган.
2024-жылдын соңунда Аскат Эгембердиев Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасы кызматынан кетип, анын ордуна Чыңгыз Кожошев дайындалган. (BTo)
Дагы караңыз
Казакстан Актаудагы авиакырсык боюнча иликтөө жыйынтыгын жарыялоону жылдырдыСанториниде 31-январдан бери жер титиреп жататТИМ өкүлдөрү АКШ элчиси менен миграция, санкция маселесин талкууладыХарьков: Орусиянын Изюмга соккусу беш кишинин өмүрүн алды Облустук шаар куруу башкармалыгынын башчысы пара талап кылууга шектелүүдөКытай жооп иретинде АКШнын импортуна тариф киргиздиСадыр Жапаров Кытай менен товар жүгүртүү 22 млрд доллардан ашканын айттыКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун курууга даярдык иштери апрелде башталат