УКМК Ошто “Нейтрал” жаштар тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирди

Шектүүлөрдү кармоо учуру.

Шектүүлөрдү кармоо учуру.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунда А.Б.А. аттуу адамга кол салган “Нейтрал” деген аталыштагы жаштар тобунун айрым мүчөлөрү кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 9-январда сөз болуп жаткан топтун мүчөлөрү А.Б.Ага бычак сайып, ага Ош облустук ооруканасында бир нече жолу операция жасалган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 24 (И.Э.И.) жана 23 жаштагы эки адам кармалып, камакка алынган. Коопсуздук органы Ош шаарында өз ара уюшулган жаштардын тобуна тиешеси бар делген дагы үч жигит (Х.Н. У., Т.А.Т. жана Т.Т.Т.) аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

УКМК жаштарды, анын ичинде спортчуларды ар кандай топтордун мыйзамсыз иштерине аралашпоого чакырды. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ Канада, Мексика жана Кытай товарларына пошлина киргизетТажикстанда түрмөдө тополоң чыгып, үч киши каза болдуБакыт Төрөбаев картошканын баасын ортомчулар көтөрүп жибергенин айттыЖКнын тармактык комитети ЖМК боюнча мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырдыСадыр Жапаров Кытай менен товар жүгүртүү 22 млрд доллардан ашканын айттыБашкы прокуратура Эркин Мамбеталиевди актаган өкүмдөрдү жокко чыгарууну өтүндүКыргызстанда камсыздандырылган үйлөрдүн саны 20% жетти