2-февралда Лос-Анжелесте Грэмми сыйлыгын тапшыруунун 67-аземи өттү.
"Жылдын жыйнагы" категориясында Тейлор Свифт, Билли Айлиш, Charli XCX жана башка артисттерден озуп чыгып Бейонсе Cowboy Carter деген пластинкасы үчүн сыйлык алды. Ырчыга бул категориядагы сыйлык биринчи жолу ыйгарылды. Ал буга чейин ар кайсы жылдары “Жылдын жыйнагы” номинациясына төрт жолу көргөзүлгөн.
"Мыкты жаңы ырчы" деп Чаппелл Рон аталды. Тейлор Свифт бул жолу бир да сыйлык албай, куру калды.
Рэпер Кендрик Ламар "Жылдын ыры", "Жылдын клиби" жана дагы үч номинацияда утту.
Быйылкы салтанат шаардагы өрткө байланыштуу адаттагыдай чоң шаан-шөкөт менен коштолгон жок.
Бейонсеге сыйлыкты Лос-Анжелестин өрт өчүрүүчүлөр башкармалыгынын кызматкерлери тапшырышты. Аларды чогулгандар кол чабуу менен туруп тосуп алышты.
Артисттер биринин аркасынан бири шаарга арналган чыгармаларды аткарышты.
Дагы караңыз
Орусия Волгоград менен Астраханда энергетикалык ишканалар бутага алынганын билдирдиКыргыз-түрк ооруканасында жүрөк операциясы 320 миң сом турары маалымдалдыРубионун сапарынан кийин Панама Кытайдын долбоорунан чыгууну пландап жатат