Полтавада Орусиянын соккусунан каза тапкандар 14кө жетти

Полтавадагы орус соккусунун кесепеттери.

Полтавадагы орус соккусунун кесепеттери.

Орус армиясынын Полтава шаарындагы ракеталык соккусунан улам каза болгондордун саны 14кө жетти. Анын экөө жаш балдар. Полтава облустук администрациясы бери дегенде 17 киши жабыркаганын, анын төртөө жаш балдар экенин билдирип жатат.

1-февраль күнү эрте менен орус армиясынын ракетасы Полтавадагы беш кабат турак үйгө тийген. Соккудан улам имараттын бир подъезди кулап түшкөн. Куткаруучулар урандынын астынан 22 кишини алып чыгышкан.

Владимир Зеленский Украинага көбүрөөк колдоолор жана абага каршы коргонуу куралдары зарыл болуп турганын билдирген.

Зеленскийдин билдирүүсү боюнча, 31-январда жана 1-февралда эртең менен Украинанын Полтава, Запаорожье, Одесса, Сумск, Харьков, Хмельницк жана Киев облустары орус соккусуна кабылган.

Орус тарап Полтавадагы сокку тууралуу комментарий берген жок. (KbA)

Дагы караңыз

Орус армиясы Украинанын аймагына 100дөн ашуун дрон менен чабуул койдуУкраинанын Николаев жана Сумы облустары дрон чабуулуна кабылды Воронеж облусунда дрон чабуулунан кийин мунай базасында өрт чыкты