Кыргыз өкмөтү мал-жандык экспорттоого убактылуу тыюу салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат мал-жандык экспорттоого уруксат берүүнү токтотконун жарыялады.

Расмий кабарлангандай, министрликтин буйругунун негизинде 2025-жылдын 31-январынан тартып Ветеринардык кызмат мал-жандыкты үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде бодо малды экспорттоого уруксат берүүнү токтоткон.

31-январга чейин берилген уруксаттар бардык текшерүүлөр аяктаганга жана ченемдик базага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин убактылуу токтотулат.

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан 217 миң майда жандык жана 122,5 миң бодо мал экспорттогон. Мал-жандыктар толугу менен Өзбекстанга сатылган. (KbA)

Дагы караңыз

Айыл чарбаны каржылоого 4,4 млрд сом насыя берилди Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу боюнча илимий борбор түзүлдүКыргызстан мал-жандык экспортун убактылуу токтотту