Бишкек шаардык сотунун үч судьясы ыйгарым укуктарын тапшырууга арыз жазды

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Соттор кеңеши судьялар Арзыбай Абдураимовдун, Айвар Кубатовдун жана Улан Садырбековдун отставкага кетүү арызын канааттандырды. Мындай чечим кеңештин 24-январындагы отурумунда кабыл алынганы маалымдалды.

Үч соттун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими андан ары президенттин кароосуна сунушталган.

25-декабрда президент Садыр Жапаров Арзыбай Абдураимовду Бишкек шаардык сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетүү жарлыгын чыгарган болчу.

Ага чейин Башкы прокурор аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурап, Соттор кеңеши макулдугун берген.

2024-жылдын декабрынын ортосунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек шаардык сотунун судьясы жана анын жубайы алдамчылыкка шектелип жатканын кабарлаган.

Калган эки судьянын арызынын себеби маалымдала элек. (KbA)

Дагы караңыз

ИИМ судья пара талап кылууга шектелип жатканын билдирди"Ыйгарым укугу аяктаган судья чечим чыгарды". Матцаковдун адвокаттары бийликке кайрылдыКоррупция үчүн соттолгондордун президент же депутат болушуна бөгөт коюу сунушталууда