2-февралдын аба ырайы: Жаан-чачын болбойт, туман түшөт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 2-февралда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5;

Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13° суук, күндүз 3…5° болот.

Дагы караңыз

Азык-түлүк баасын себепсиз көтөргөн сатуучуларга, ишкерлерге чара көрүлөтЭрдоган кыргыз-түрк маданий борборлорун ачуу келишимине кол койдуФиладельфияда бортунда алты киши болгон тез жардам учагы куладыКазакстан Украинанын төрт жаранына качкын макамын берүүдөн баш тартты