"Жалаа жапты" же "мазактады": Талаштуу мыйзам күчүнө кирет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Садыр Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбооруна кол койду. Эми "жалаа жапты" же "мазактады" деп табылган адам 20 миң, медиа болсо 65 миң сом айыпка жыгылат.

Жарандык коом, журналисттер бул мыйзамга башынан эле каршы болуп, сөз эркиндигин чектей турганын билдирип келишет. Бийлик болсо жоопкерчиликти күчөтө турган документ экенин жүйөө келтирүүдө.