1-февралдын аба ырайы: Кар жаайт

1-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Кээ бир жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11° суук, күндүз 0…2° болот.

Дагы караңыз

"Документиң жасалма деп камап коюшту". Орусиядагы мигранттарга эскертүүГазанын келечеги: "Урандыны тазалоого 21 жыл кетет"Өзгөндө "жер мафиясына" байланыштуу эки киши кармалганы маалымдалдыУКМК өзүн "атайын кызмат өкүлү" деп тааныштырган шылуундардан сак болууга чакырдыШвецияда Куран китебин өрттөгөн акциянын уюштуруучусун атып кетиштиКыргыз циркиндеги "саясий цирк"