Кыргыз циркиндеги "саясий цирк"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкектеги мамлекеттик цирктин жамаатынын бир бөлүгү Светлана Ашированын кайрадан директор болуп дайындалышына каршы болууда. Маданият министрлиги Ашированы өткөн жумада жумуштан алып, беш күн өтпөй бул чечимин жокко чыгарды. Мамлекеттик циркте иштеген артистердин бир бөлүгү Аширова менен иштеше албай турганын айтып, президенттин администрациясына чейин барганы белгилүү болду. Аширова өзүнүн айланасындагы окуяларды "каралоо" деп баалайт.