31-январдын аба ырайы: Кар жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 1-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолуна (Чоң-Ашуу ашуусу), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы зарыл.

31-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндуз -5…-10.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -2…-4° болот.

Дагы караңыз

Парламент санарип өнүктүрүү министрлигине Азамат Жамангуловдун талапкерлигин жактырдыӨмүрбек Текебаев виза боюнча элчиликке айтылган сынга жооп бердиВашингтондо жүргүнчү ташыган учак тик учак менен кагышып, сууга кулап түштүДепутат Акаев блогер Жолболдуеванын билдирүүсүн текшерүүнү талап кылды