Пусан аэропортунда учакта өрт чыгып, 170тен ашык киши эвакуацияланды

Өрт өчүргүчтөр Пусан шаарындагы аэропортто Air Busan компаниясынын учагындагы өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышат. Түштүк Корея, 28-январь, 2025-жыл.

Өрт өчүргүчтөр Пусан шаарындагы аэропортто Air Busan компаниясынын учагындагы өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышат. Түштүк Корея, 28-январь, 2025-жыл.

Түштүк Кореянын Air Busan авиакомпаниясына таандык учакта шейшемби күнү Пусан шаарындагы эл аралык аэропортто Гонконго учууга даярданып жатканда өрт чыккан.

Бул тууралуу өлкөнүн өрткө каршы кызматы билдиргенин Рейтер агенттиги жазды. Маалыматка караганда 169 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү эвакуацияланып, бир адам жеңил жаракат менен ооруканага жеткирилди.

Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттиги адегенде учактын куйрук тарабы күйүп баштаганын кабарлады. Анын себеби тактала элек.

Өткөн жылдын 29-декабрында Түштүк Кореянын Муан аэропортунда жүргүнчү учагы кыйраган.

Jeju Air аба компаниясына таандык Boeing 737-800 учак Бангкокдон учуп чыккан. Сеулдан 288 чакырым аралыктагы Муан аэропортуна конордо конуу тилкесинен чыгып, кашаага урунуп өрттөнүп кеткен. Учактагы 181 адамдын экөө гана аман калган. (AiA)

Дагы караңыз

Адепсиздикти, криминалдык идеологияны жайылткан тамгалар айкашы автоунаа каттоодо берилбейтАКШ качкындар программасы боюнча арыз кабыл алууну токтото турууну чечтиШайлоо күнү чет өлкөлөрдө акцияга катышкан беларустарга кылмыш иши козголду