Биологиялык коопсуздук жөнүндөгү мыйзамга кол коюлду

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 24-январда президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам калкты жана айлана-чөйрөнү биологиялык агенттердин таасиринин жана заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди белгилей турганы белгиленди.

Мыйзам Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Кыргызстан ушул багыттагы Картахен протоколуна кошулган.

Калктын саламаттыгы жана айлана-чɵйрɵ жагынан тиешелүү коопсуздук чараларын сактоо менен биотехнологияны ɵнүктүрүү жана пайдалануу, биологиялык коопсуздук коркунучтарын комплекстүү болтурбоону камсыз кылуу болуп саналат. Мындан сырткары патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди, ошондой эле заманбап биотехнология азыктарын пайдалануу менен байланышкан ыктымалдуу жагымсыз кесепеттерди азайтуу каралган.

Жогорку Кеңеши аталган мыйзамды 2024-жылдын 18-декабрында кабыл алган. (КЕ)

Дагы караңыз

Кремль Путин Трамп менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирдиОрусиянын ондон ашуун облусу аба чабуулуна кабылганы кабарландыСот журналист Дина Маслованын мамлекеттен моралдык чыгым үчүн кенемте өндүрүү өтүнүчүн четке кактыӨзбекстанда парламент жарандардын милиция кызматкерлерин видеого тартуу укугун бекитти