Бишкек-Ош жолу кар көчкүдөн тазаланып, ачылды

Бишкек-Ош жолу. Иллюстрация.

Бишкек-Ош жолу. Иллюстрация.

22-январь күнү саат 16:15 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды. Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдагандай, кар көчкү тазалоого №9 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери, техникасы тартылган.

Кар көчкүнүн аянты болжол менен 1200 метр кубду түздү.

Ал эми Бишкек – Ош жолунун "Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө. Азырынча чектөө качан алынары тууралуу маалымат жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кыргызстанда 22-январдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарда кар катуу жааганына байланыштуу, зарылчылык болбосо алыскы жолго чыкпай туруу керектигин эскерткен.

Тоолуу жолдордо кар көчкү жүрөрү да эскертилип, айдоочулардан аралыкты 500 метрден кемитпөө талап кылынууда.(ZKo)

Дагы караңыз

Мексика–АКШ чек арасы: "Тихуанада үч балам менен кудайлап отурам" Дин мыйзамы: Үй кыдырып үгүт айтуу эрежеси, радикал топтордун коркунучу УКМК ИИМде коррупциянын туруктуу схемасы сакталып турганын билдирдиОш шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл башталары айтылды