Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы айрым айыл аймактарынын жана айылдардын аталышын өзгөртүүгө байланыштуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы 21-январда кабарлады.
Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы айрым айыл аймактарынын жана айылдардын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө” мыйзамды 2024-жылы 5-декабрда кабыл алган.
Мыйзамга ылайык:
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Таштак айылынын аталышы Малкалды,
Ноокен районундагы Параканда айылынын аталышы Баракелде,
Кочкор районундагы Большевик айылынын аталышы Баялы Исакеев,
Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылынын аталышы Шадыкан,
Манас районундагы Новодонецк айылынын аталышы Айтматов,
Талас районундагы Козучак айылынын аталышы Жанкороз Олуя,
Беш-Таш айыл аймагындагы Балбал айылынын аталышы Жаныбек Баатыр,
Москва районундагы Чоң-Арык айылынын аталышы Сыйдалы,
Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын аталышы Ак-Суу айылы болуп өзгөртүлөт.
Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген.
Кыргызстанда оторчулук доордон калган, андан кийин советтик мезгилдеги коммунисттик пропагандага байланышкан, идеологиялык мааниси бар көптөгөн шаар, айыл аталыштарын өзгөртүү демилгеси узак жылдардан бери ишке толук ашпай келет. (КЕ)
Дагы караңыз
Казакстанда "Сатира кылмыш эмес" деген жазуу менен чыккан активисттер кармалуудаДин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер мыйзамына кол коюлдуТИМ: Түркияда өрттөн жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жокТрамп Путиндин тынчтыкка жетүүгө аракет кылбаганы "Орусияны жок кылып жатканын" айтты