АКШда ТикТокту колдонууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди

АКШда 19-январдан тартып ТикТок социалдык тармагын колдонууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Мунун алдында кытайлык ByteDance компаниясы бул платформаны сатуудан баш тарткан.

Тиркемеде учурда "АКШда ТикТокко тыюу салган мыйзам кабыл алынган, тилекке каршы сиз азырынча аны колдоно албайбыз. Президент Трамп кызматка киришери менен ТикТокту кайра калыбына келтирүү жаатында иштей турганын ишарат кылган. Өтүнүч, жаңылыктарга көз салып туруңуз",- деген жазуу турат.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп жума күнү Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен телефондон сүйлөшкөн. Маалыматка караганда, анда негизинен ТикТок жана Тайван маселелери талкууланган.

АКШда Жогорку сот жума күнү TикТокко тыюу салуу каралган федералдык мыйзамды колдогон. Ага ылайык, эгер социалдык түйүнгө ээлик кылган кытайлык ByteDance аны сатпаса, 19-январдан баштап Американын аймагында ТикТок иштебей калат.

Мындай чектөөнү жактагандар ТикТок АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат деп эсептешет. Трамп үгүт өнөктүгү маалында бул платформаны сактап калууга убада берген.

ByteDance компаниясынын 60% эл аралык инвесторлорго таандык жана кытай өкмөтү аларга таасир этпесин айтып келатат. Кытай коопсуздукка байланыштуу кооптонууларга негиз жоктугун билдирип жүрөт.

Дагы караңыз

Иран: кол салууда Жогорку соттун эки судьясы өлтүрүлүп, дагы бир жараат алды Түштүк Корея: сот кызматтан четтетилген президентти камоого ордер берди Казакстан: сатиралык QazNews24 паблигинин автору эки айга камалды Ташиев кыргыз-тажик чек арасын Ноорузга чейин тактоого үмүттөнүп жатканын айтты Ташиев Көлбаевдин өлтүрүлүшү жөнүндө айткандарына түшүндүрмө берди Кыргыз өкмөтү негизги инвестициялык долбоорлордун тизмесин түздүСадыр Жапаров Алтайдагы жаңы лыжа базаны көрүп келгенин билдирди WSJ: Трамп кызматка киришери менен Чикагодо мигранттарга каршы рейд башталатУКМК өзүн "Айка Мусаева" деп атаган блогер камалганын билдирди