Иран: кол салууда Жогорку соттун эки судьясы өлтүрүлүп, дагы бир жараат алды

Мохаммад Могисе.

Ирандын борбору Тегеран шарында Жогорку соттун имаратында кол салууда эки судья атып өлтүрүлүп, дагы бир жараат алды. Бул тууралуу "Фарда" радиосу кабарлады.

Кол салган адам кармалганга чейин өз жанын кыйганы белгилүү болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, ок чыгарууга шектүүнүн сотто каралып жаткан кандайдыр бир иши болгон эмес. Расмий бийлик кандуу окуяны терракт катары сыпаттап жатат.

IRNA агенттиги киши колдуу болгон судьялар Мохаммад Могисе менен Али Разини негизинен улуттук коопсуздук, тыңчылык жана террорчулукка байланыштуу иштерди карап келгенин жазды.

"Фарда" радиосу Могисе буга чейин бир катар саясий туткундардын иштерин териштиргенин жазды. Судья өлкөдөгү адам укугунун бузулушуна тиешеси бар деген негизде АКШнын жана Европа Биримдигинин кара тизмесинде болгонун белгиледи.

Разиниге 1998-жылы дагы кол салуу болгон жана анын машинасы бомба коюлган. Ал маалда Тегерандагы башкы судья болуп иштеп турган.

Дагы караңыз

Түштүк Корея: сот кызматтан четтетилген президентти камоого ордер берди Казакстан: сатиралык QazNews24 паблигинин автору эки айга камалды Ташиев кыргыз-тажик чек арасын Ноорузга чейин тактоого үмүттөнүп жатканын айтты Ташиев Көлбаевдин өлтүрүлүшү жөнүндө айткандарына түшүндүрмө берди Кыргыз өкмөтү негизги инвестициялык долбоорлордун тизмесин түздүСадыр Жапаров Алтайдагы жаңы лыжа базаны көрүп келгенин билдирди WSJ: Трамп кызматка киришери менен Чикагодо мигранттарга каршы рейд башталатУКМК өзүн "Айка Мусаева" деп атаган блогер камалганын билдирдиТрамп менен Цзиньпин телефондон ТикТок жана Тайван маселесин сүйлөштү