Казакстанда социалдык тармактарга сатиралык билдирүүлөр, тамашага салынган жаңылыктар жарыялаган QazNews24 паблигинин автору, активист Темирлан Енсебек эки айга камалды. 18-январда Алматыда сотто ага “улут аралык кастыкты козутуу” беренеси менен айып тагылганы белгилүү болду.
Активисттин бөгөт чарасы каралып жатканда анын ондогон тарапкери чогулду. Алар Инстраграм баракчасына Казакстандын жетекчилиги, өлкөдөгү окуялар тууралуу тамашага салынган билдирүүлөрдү, юмору бар кабарларды жарыялап келген Енсебекти куугунтуктоо токтотууну талап кылышты. Активистке козголгон кылмыш ишинин саясий өңүтү бар экенин айтышты.
Мындай дооматтарга расмий Астана комментарий бере элек.
Темирлан Енсебек 17-янарда камалган жана үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын адвокаты Жанара Балганбаева социалдык тармактарга байкоо салган полиция кызматкеринин арызынын негизинде активистке каршы териштирүү башталганын билдирген.
Енсебек эгер күнөөлүү деп табылса айып пул салынышы, же эки жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.
Активист былтыр жыл башында нааразылык акцияга чыкканы үчүн 15 суткага камалып чыккан. Анда Енсебек тынч митинг уюштурганы үчүн кармалган башка активисттерге тилектештигин билдирген.
Полиция Енсебекти 2021-жылы “жалган маалымат тараткан” деп айыптап, үйүн тинтип, өзүн суракка алган. Human Rights Watch (HRW) өңдүү эл аралык укук коргоочу уюмдар активистти куугунтуктоону токтотуу тууралуу казак бийлигине кайрылуу жолдошкон.
Дагы караңыз
Ташиев кыргыз-тажик чек арасын Ноорузга чейин тактоого үмүттөнүп жатканын айтты Ташиев Көлбаевдин өлтүрүлүшү жөнүндө айткандарына түшүндүрмө берди Садыр Жапаров Алтайдагы жаңы лыжа базаны көрүп келгенин билдирди WSJ: Трамп кызматка киришери менен Чикагодо мигранттарга каршы рейд башталатУКМК өзүн "Айка Мусаева" деп атаган блогер камалганын билдирди"Ала-Тоо" аянтындагы Манастын айкели турган жерди оңдоо башталды Мектептерге кыргыз тилинен көчүрүү экзамендери киргизилетТрамп менен Цзиньпин телефондон ТикТок жана Тайван маселесин сүйлөштү