Таш-Көмүрдө бир айдан бери дайынсыз адамды издөө токтотулду

ӨКМдин куткаруучулары издөө учурунда. Январь, 2025-жыл.

ӨКМдин куткаруучулары издөө учурунда. Январь, 2025-жыл.

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы М.Д. аттуу тургунун издөө 17-январда токтотулду. 2024-жылдын 15-декабрынан бери табылбай жаткан жаранды изөөнү токтотуу анын туугандарынын макулдугу менен кабыл алынганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Сүттүү-Булак жайлоосуна мал кайтарганы чыккан бойон дайынсыз кеткен М.Д. аттуу адамды издөө 17-декабрдан бери жүргүзүлүп келген.

Жоголгон жаранды издөөгө куткаруучулардан тышкары анын туугандары, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү элден ыктыярчылар да чыгып келишкен.(ZKo)

Дагы караңыз

"Маариф" фонду "Сапат" мектептерине 2,5 млн доллар инвестициялоо убадасын бердиБишкектеги №13 мектептин окуучусу рэкетчиликтен жабыркаганы кабарланды18-январдын аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайт“Сириядагы террордук топтордун катарында 20дай кыргызстандык согушкер бар”УКМК Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы жана адвокатура башчысы кармалганын маалымдадыБишкек шаарында жер тамдардын 30% газдаштырылды