17-январдын аба ырайы: тоолорго кар жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 17-январда Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -3…-8;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 8…10° болот.

Дагы караңыз

Байсалов өкмөттүн Лениндин Бишкектеги эстелигин алуу планы жок экенин айттыТашиев эки жылда коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин түшүрүү керектигин айтты “Керемет Банк” АКШнын санкциясына каршы арызданганын билдирдиЫсык-Көлдөгү "Евразияга" таандык жер тилкеси мамлекетке өттү