Байсалов өкмөттүн Лениндин Бишкектеги эстелигин алуу планы жок экенин айтты

2003-жылы Бишкектеги Лениндин эстелиги борбордук аянттан эски аянтка которулган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөттө Бишкектин эски аянттагы Владимир Ильич Лениндин эстелигин алуу боюнча демилге көтөрүү планы жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

Эдил Байсалов башта Бишкектин борбордук аянтына коюлган Лениндин эстелиги 2000-жылы мыйзам менен бекитилгенин, ушундан улам ал кийин эски аянтка көчүрүлгөнүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев парламенттин 15-январдагы жыйынында эски аянттагы Лениндин эстелигин алып, ордуна Турдакун Усубалиевдин эстелигин коюу сунушун берген. Мындан тышкары Бишкек шаарынын төрт районунун аталышын өзгөртүү керек экенин дагы бир жолу кайталаган.

Эски аянтка 2020-жылы Турдакун Усубалиевдин аты берилген. Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Нарындын Кочкор районунда туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, “Ак шумкар” өзгөчө белгисин, “Манас”, “Ленин”, “Эмгек кызыл туу” жана башка ордендерин алган.

Совет мамлекетин түптөгөн Лениндин эстелиги Кыргызстандын булуң-бурчунда көп. 1984-жылы Бишкектин борбордук аянтына Лениндин эстелиги тургузулган. 2003-жылы ал эски аянтка которулган. Оштун борборунда ушул тапта бийиктиги 25 метр болгон Лениндин айкели турат.

2022-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылындагы мектепке Лениндин бюсту коюлуп, коомчулуктун сынына кабылган. (BTo)

Дагы караңыз

Ташиев эки жылда коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин түшүрүү керектигин айтты “Керемет Банк” АКШнын санкциясына каршы арызданганын билдирдиЫсык-Көлдөгү "Евразияга" таандык жер тилкеси мамлекетке өттүБишкек мэриясы накталай жол кирени 40 сомго көтөрүүнү кайра сунуштадыЭкс-депутат Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраевге издөө жарыяландыЖК төрагасы Кыргызстан санарип маселесинде артта калганын белгиледиУлуттук банк АКШ “Керемет Банкка” салган санкция боюнча комментарий бердиБылтыр 23 миңден ашуун жаран Кыргызстандын паспортун алуу үчүн арыз берген