Польшанын премьер-министри Дональд Туск Орусиянын атайын кызматтары дүйнөнүн ар кайсы авиакомпанияларынын учактарын бутага алган бир катар террордук чабуулдарды даярдаганын билдирди. Бул тууралуу ал 15-январда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусунда айтканын Politico басылмасы жазды.
"Мен Орусия Польшага гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчундагы авиакомпанияларга каршы абадагы террордук актыларды пландаганын гана ырастай алам", - деди Туск.
Бирок ал бул сөзүн бышыктаган далилдерди көрсөткөн жок. Мындай билдирүү боюнча Орусиянын бийлиги да комментарий бере элек.
Жакында эле The New York Times гезити америкалык чалгын кызматтары Орусиянын атайын кызматтары АКШга учуп бараткан жүк ташуучу учактарга жарылуучу жана күйүүчү заттарды алып кирүүнү пландаган деген бүтүмгө келгенин жазган. Басылманын маалыматына караганда, Вашингтон Кремлге мындай операцияны токтотуу зарылдыгын эскерткен.
Буга чейин Москва бир нече жолу "Европанын транспорттук инфраструктурасын бузуп, GPS сигналдарын бууду" деп айыпталган. Politico бир нече өлкө бул аракеттерди Москва жүргүзүп жаткан гибриддик согуш менен байланыштырарын белгилейт.
Былтыр апрель айында Чехиянын транспорт министри Мартин Купка Орусияны Украинадагы согуш башталгандан бери европалык темир жол инфраструктурасына чабуул коюу үчүн "миңдеген аракеттерди" көргөнүн айткан. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай айыптоолорду негизсиз деп атаган.
25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен башкалаасына коно албай, деңиздин аркы жээгиндеги Актауга баратып, шаардын жанында кулаган. Кырсыкта 38 киши каза тапкан.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын билдирген.
Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин окуя орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.
Орус бийлигинин айрым өкүлдөрү Чеченстандын башкалаасы жана бир катар шаарлар лайнер конор алдында Украинанын дрон чабуулуна туш болгонун, абадан коргонуу системасы иштеп жатканын маалымдаган.
Орусиянын Тергөө комитети кылмыш иш ачкан. Кырсыкты Казакстандын, Азербайжандын жана Орусиянын адистери иликтеп жатышат. (AiA)
Дагы караңыз
АКШ Кыргызстандагы "Керемет Банкка"санкция салдыМинистр Ажикеев былтыр табигый кырсыктардан 67 киши каза болгонун айттыИрандын президенти Тажикстанга мамлекеттик сапар менен келди