Грузияда мурдагы премьер-министр Георгий Гахарияга кол салуу болгону кабарланды

Георгий Гахария.

Георгий Гахария.

15-январдын кечинде Грузиянын мурдагы премьер-министри Георгий Гахарияга кол салуу болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Батумидеги Sheraton мейманканасында бир нече адам аны катуу сабап кеткени, саясатчы мээси чайкалып, мурду сынган абалда ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Окуяга күбө болгон «Мтис амбеби» басылмасынын редактору Гела Мтиулишвили кол салгандар парламенттин депутаты Дмитрий Самхарадзе, өлкөнүн экономика министринин орун басары Георгий Манвелидзе жана башка саясатчылар болгонунун билдирди.

“Имеди” телекомпаниясы мушташ учуру түшүрүлгөн видеону жарыялап, Георгий Гахария “Грузин кыялынын” өкүлү Дмитрий Самхарадзеге желим стакан ыргытканын жана жаңжалга өзү себепчи болгонун жазды.

Ошол эле маалда "Эл аралык ачыктык - Грузия" бейөкмөт уюмунун регионалдык башчысы, журналист Звиад Коридзе Георгий Гахария кабылган окуяга чейин ушул эле саясатчылар тобу ага да кол салганын билдирди.

Гахария лидери болгон "Грузия үчүн" партиясы кол салуу саясий максатта болгон эсептейт. Партиянын дагы бир лидери Натия Мезвришвили бул үчүн мурдагы өкмөт башчы Бидзина Иванишвилини айыптады.

Орусиячыл миллиардер олигарх Иванишвили азыркы бийлик башындагы "Грузин кыялы" партиясынын негиздөөчүсү жана ардактуу төрагасы.

Георгий Гахария 2017-2019-жылдары Грузиянын ички иштер министри, 2019-2021-жылдары премьер-министри болгон. 2021-жылы ал өкмөттөн кетип, оппозициялык "Грузия үчүн" партиясын түзгөн. (AiA)

Дагы караңыз

Министр Ажикеев былтыр табигый кырсыктардан 67 киши каза болгонун айттыБишкекте турак үйдөн чыккан өрттөн бир киши каза болдуТүркияда жасалма аракка ууланган борборазиялыктар арасында каза болгондор бар экени кабарланды