Бишкекте турак үйдөн чыккан өрттөн бир киши каза болду

Бишкек, өрт кырсыгы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек, өрт кырсыгы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаарынын Маевка айылына жакын Белозерский кыска көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, 65 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Саат 14:30га чукул өрттү өчүрүүгө жалпы эки бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 16:25те толук өчүрүлдү.

ӨКМ 14-январда өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 18 күжүрмөн эсеп тартылганын билдирген. Кырсыктын көбү Бишкекте катталган. (КЕ)

Дагы караңыз

15-январь: ЖМК мыйзам долбоору ЖКга түштү, Казакстан жемкорлор тизмесин жарыялоону көздөөдөТүркияда жасалма аракка ууланган борборазиялыктар арасында каза болгондор бар экени кабарландыМилиция кызматкери кыйноого жана пара талап кылууга шектелүүдөАбактагы активист Төрөкулованын ден соолугунда олуттуу көйгөй жаралганы парламентте айтылды