15-январь: ЖМК мыйзам долбоору ЖКга түштү, Казакстан жемкорлор тизмесин жарыялоону көздөөдө

Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.

Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.

15-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

ЖМК мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңы иштелип чыккан редакциясы Жогорку Кеңешке түштү. Документте онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМК Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинде гана каттоо сунушталды. 2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган.

БУУнун атайын баяндамачысы Абдирасулованы каралоо күчөгөнүн айтты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор Кыргызстандан чыгып кеткен укук коргоочу Азиза Абдирасуловага карата социалдык тармактарда каралоо жүрүп жатканын билдирип, Фейсбуктагы баракчасына кыргыз бийлиги муну иликтеши керектигин жазды. Азиза Абдирасулова коопсуздугуна байланыштуу 2024-жылы декабрь айында Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Ал чөнтөк телефонуна чалып, социалдык тармактарда мазактап, коркуткан адамдар пайда болгонун айткан. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Азаттыкка” курган маегинде Азиза Абдирасулованы Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасаларын айткан.

Түркияда жасалма аракка уулангандар каза болууда

Стамбулда Түркмөнстандын үч жараны жасалма алкоголдук ичимдикке ууланып каза болду. Бул өлкөнүн дагы эки жараны спирт ичимдиктерин колго жасаган шек менен кармалды. "Азаттыктын" түркмөн кызматы 14-январда Стамбулдун ооруканаларына ууланган ондогон борборазиялык жаран жаткырылганын жазды. Түркиянын haber7 басылмасы жасалма алкоголдук ичимдикке ууланып 19 адам каза болгонун, дагы 40ка жакын адам ооруканага түшкөнүн билдирди. Түркмөнстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү үч адамдын өлүмү жана эки жаран кармалганы тууралуу маалыматка расмий комментарий бере элек.

Сеул украин туткунуна түшкөн түндүк кореялыктарды кабыл алууга даяр

Түштүк Корея эгер Украинанын туткунуна алынган Түндүк Корея аскерлери Сеул тарапка өтүүнү кааласа аларды кабыл алуу маселесин Киев менен талкулоого даяр экендигин билдирүүдө. Түштүк Кореянын Конституциясы бүт Корей жарым аралын өзүнүн аймагы катары аныктап, тургундарын жараны катары тааныйт. Ал эми Түндүк Корея буга чейин өлкөнүн жаңы Конституциясында Түштүк Кореяны “душман мамлекет” деп көрсөткөн. Украин Коопсуздук кызматынын маалымдашынча, Түндүк Кореянын аскерлеринин бири 9-январда кармалган. Жекшемби күнкү кайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский Киев аларды Орусия туткунга алган украиналык аскерлерге айырбаштоого даяр экендигин билдирген.

Казакстан жемкорлордун тизмесин түзүп, жарыялоону көздөөдө

Казакстандын парламентинин төмөнкү палатасы Мажилис оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон коррупционерлердин реестри коомчулукка жарыяланышы керектиги жөнүндөгү норманы биринчи окууда бекитти. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы 15-январда жазды. Коррупцияга каршы агенттиктин төрагасынын биринчи орун басары Улан Саркулов "Коррупционерлердин мамлекеттик реестрин түзүү профилактикалык чара. Анын негизги максаты – коомчулукта коррупция үчүн уяткарып, жерий турган мамилени калыптандыруу. Реестрге оор жана өзгөчө оор коррупциялык кылмыш үчүн соттолгондор тууралуу маалымат киргизилет. Коррупционердин аты-жөнү аталган тизмеге соттун чечими күчүнө киргенден кийин жазылат", - деп айтты.

Бир мандаттуу шайлоо округун жокко чыгаруу сунушталды

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев парламентке шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округу - мажоритардык системаны жокко чыгаруу демилгесин көтөрдү. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 14-январда коомдук талкууга коюлду. Документте бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келген депутаттар мандатын тапшыргандан кийин ал аймакта кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен ашыкча чыгым кетип жатканы жазылган. 2021-жылы 11-апрелдеги референдумда макулдук берилип, ошол эле жылы 5-майда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. 54 депутаты пропорционалдык система - саясий партиялардын тизмеси аркылуу, 36 депутаты бир мандаттуу шайлоо округунан - мажоритардык система менен келет.

Рахатбек Жапаров ЖАКтын төрагасынын орун басарлыгынан кетти

Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасынын орун басары Рахатбек Жапаров өз каалоосу менен жазган арызына байланыштуу 14-январда кызматтан бошотулду. 54 жаштагы Рахатбек Жапаров Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун иниси. Ал Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 1993-жылы Кыргыз архитектура-курулуш институтун “Автомобиль жолдорун куруу” адистиги, 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. 2019-2020-жылдары Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Финансы-чарбалык башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген, 2020-жылдан бери ЖАКтын төрагасынын орун басары кызматын аркалады.