Милиция кызматкери кыйноого жана пара талап кылууга шектелүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын “С.А.Ш.” аттуу ыкчам кызматкери кыйноого жана пара талап кылууга шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Шектүү козголгон кылмыш иштин алкагында Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте кармалган.

Алгачкы тергөө материалдарына ылайык, Октябрь райондук милициясынын жооптуу кызматкерлери 2024-жылдын сентябрь айында “К.А.” жана “А.Н.” аттуу жарандарды кыйноого алып, аларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу максатында 500 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Учурда кылмышка шектүү башка кызматкерлерди аныктоо, тиешелүү тергөө жана ыкчам-издөө чаралары уланууда.

Шектүүнүн жакындары менен адвокаттары окуя тууралуу комментарий бере элек.

Атайын кызмат укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу багытында иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Былтыр, 17-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору пара алууга шек саналып кармалганын билдирген. 19-сентябрда атайын кызмат "Учкун" басмаканасынын кызматкерлеринин жана Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлорунун коррупциялык схемасы аныкталганын маалымдаган.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде милиция мыйзам бузган кызматкерлерден тазаланып жатканын айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

"Коммерсант": Орусия Бермуд реестринен 300дөн ашык учагын чыгардыУКМК милициянын кайгуул кызматынын төрт кызматкери кармалганын билдирдиТүштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль камакка алындыБишкекти каптаган ыш маселеси парламентте кийинки аптада талкууланат