Абактагы активист Төрөкулованын ден соолугунда олуттуу көйгөй жаралганы парламентте айтылды

Сеид Атамбаев

Сеид Атамбаев

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев №2 түзөтүү мекемесинде отурган жарандык активист Зарина Төрөкулованын ден соолугунда олуттуу көйгөй жаралганын билдирди. Эл өкүлү ага Төрөкулованын кызы кайрылганын бүгүн, 15-январда парламенттин жыйынында айтты. Ал №2 түзөтүү мекемесинин шарттарына, кыйноолорго көңүл бурууга чакырды.

"Мага 2024-жылдын сентябрь айынан бери аялдар абагында отурган Зарина Төрөкулованын кызы кайрылды. Анын айтымында, ал Фейсбук колдонуучунун видеосун бөлүшкөндүгү үчүн кесилген. Ден соолугунда олуттуу көйгөй бар экенине көңүл буруп коюуңузду өтүнөм. Мындан сырткары жаза өтөп жаткан Дилбар Камилованын жана Валентина Лысенконун укугунун бузулушу жана №2 түзөтүү мекемесиндеги шарттар тууралуу маселени карап койсоңуздар. Себеби жаза өтөп жаткандар кыйноого жана адамдын беделине шек келтирген, адам чыдагыс мамилеге же жазага туш болбошу керек", - деди Атамбаев.

Жазаларды аткаруу кызматы депутат белгилеген маалыматтар такталган соң комментарий берилерин билдирди.

Зарина Төрөкулова буга чейин абактын айып изоляторуна 15 сутка отурганы айтылган. Анын жакындары бул үчүн абактын жетекчилигин айыптап, акыйкатчыга, Жазаларды аткаруу кызматына кайрылышкан.

ЖАК Зарина Төрөкулова жаза өтөө учурунда бир нече жолу ички тартип эрежелерин бузганы үчүн ушундай жаза колдонулганын "Азаттыкка" билдирген.

Зарина Төрөкулованы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2023-жылы 11-сентябрда “жапырт башаламандыкка” шек санап камаган. Активист “социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен иш козголгон. Активист өзүнө коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган. Былтыр 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон. Ал эми 5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарып, 3-июлда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган жана ал кайра камалган. (КЕ)

Дагы караңыз

"Коммерсант": Орусия Бермуд реестринен 300дөн ашык учагын чыгардыУКМК милициянын кайгуул кызматынын төрт кызматкери кармалганын билдирдиТүштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль камакка алындыБишкекти каптаган ыш маселеси парламентте кийинки аптада талкууланат