Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы М.Д. аттуу тургунун 24 адамдан турган топ издеп жатат. Алардын ичинде министрликтин куткаруучулары, туугандары бар.
14-январда аталган жаранды 94 киши издеген. Бул күнү өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов издөөнү координациялоо максатында жерине барып, дайынсыз жарандын үйүнөн апасынан жана жакындарынан кабар алган.
Жергиликтүү тургун былтыр 15-декабрда Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө улантылып келет. (КЕ)
Дагы караңыз
Таласта жол кырсыгынан эки адам мүрт кетип, беш адам жабыркадыВице-спикер менен депутат Алиев Жогорку Кеңеште кайым айтыштыМилиция Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы бычакталганын билдирдиВице-спикер бир мандаттуу шайлоо округун жокко чыгарууну сунуштады