Депутат Сурабалдиева аялдарга карата зомбулук токтобой жатканын белгиледи

Элвира Сурабалдиева.

Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева өлкөдө аялдарга карата зомбулук көрсөтүлгөн окуялар токтобой жатканы тууралуу маселени бүгүн 15-январда парламент жыйынында көтөрдү. Эл өкүлү Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловго кайрылып, зордук-зомбулуктан жабыркаган адамдарга жардам бере турган психолог, адвокат жана социалдык кызматкер сыяктуу адистер жетишсиз экенин айтты.

Ал өзгөчө майыптыгы бар адамдар убактылуу баш калкалап, жардам ала турган кризистик борборлорду түзүүнү сунуштады.

"Бишкекте өз кызын зордуктоого шектелген адам кармалды. Кыздын мүмкүнчүлүгү чектелген экен. Иш козголуп, милиция өз кызматын аткарып жатат. Бирок майыптыгы бар, зомбулуктан жабыркагандарга жардам берген адистер жетишсиз. Ошондуктан алардын тагдыры бузулуп жатат", - деди эл өкүлү.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.

10-январга караган түнү Аксы районунда денесинде көгала тактары бар, эс-учун жоготкон 51 жаштагы аял Үч-Коргон айылдык ооруканасына түшкөн. Жараатынан улам аял эртеси ооруканада жан берген. Кылмышка шектелип маркумдун 51 жаштагы күйөөсү кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милиция бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын кабарлады.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факт катталган).

Былтыркы жылдын 12 айы боюнча маалымат азырынча чыга элек.(КЕ)

Дагы караңыз

Таласта жол кырсыгынан эки адам мүрт кетип, беш адам жабыркадыВице-спикер менен депутат Алиев Жогорку Кеңеште кайым айтыштыМилиция Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы бычакталганын билдирдиВице-спикер бир мандаттуу шайлоо округун жокко чыгарууну сунуштады