15-январда эртең менен Орусиянын ракеталык чабуулунан улам Украинада электр энергиясына чектөө киргизилгенин өлкөнүн энергетика министри Герман Галущенко билдирди. Маалыматка караганда, электр энергиясы Харьков, Сумы, Полтава, Запорожье, Днепропетровск жана Кировоград облустарында өчүрүлдү.
Львов облусунда энергетикалык инфраструктура чабуулга кабылды. Львов шаарынын мэри Андрей Садовой "душман таңкы чабуулу учурунда канаттуу ракета колдонгону аныкталганын" жазды.
Облустук администрациянын башчысы Максим Козицкийдин айтымында, Дрогобыч жана Стрый шаарларында эки маанилүү инфраструктуралык объектиге сокку урулду. Скнилов айылында бир турак жай жана чарбалык курулуш кыйрады. Жергиликтүү бийлик тургундар арасында жабыркагандар жок экенин билдирди.
Ивано-Франковск аймагында да маанилүү инфраструктуралык объектилер бутага алынды. Жергиликтүү бийлик жабыркагандар жок экенин билдирди.
Кировоград облусунда дрон бир нече турак жайга кулап, имараттар жабыркады.
Орусия бул чабуулдар тууралуу комментарий берген жок. (AiA)
Дагы караңыз
Вице-спикер менен депутат Алиев Жогорку Кеңеште кайым айтыштыМилиция Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы бычакталганын билдирдиВице-спикер бир мандаттуу шайлоо округун жокко чыгарууну сунуштады