Наристеден "жин чыгарган" бакшынын видеосу элдин үрөйүн учурду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстанда "экзорцист" пайда болду. Атраудагы мечиттин мурдагы күзөтчүсү Кейкуат Оспанов эл аралап, адамга кирип алган “жинди” чыгарам деп ишендирип жүрөт. Анын беш жашар кыздан “жин” кууп жатканы тууралуу видеосу коомчулуктун үрөйүн учуруп, тийиштүү органдардын көңүлүн бурду.