"Согушка эмес, машыгууга келгенбиз". Украинада түндүк кореялык эки аскер колго түштү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
12-январда Түштүк Кореянын чалгын кызматы украин күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алганын ырастады. Сеул туткундардын бири "Украинага каршы согушка эмес, машыгууга бара жатканын" айтканын маалымдады. Кармалгандар Түндүк Кореянын украиндерге туткунга түшкөн алгачкы аскерлери экени белгиленди. Түштүк Кореянын чалгын кызматы Курск облусунда түндүк кореялык 300дөн көп аскер набыт болгонун билдирди.