Кыргызстан чет элдик жарандарга виза берүүнүн айрым жол-жобосун өзгөрттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 13-январда кабарлады. Ага ылайык, Министрлер кабинетинин 10-январдагы токтомунун негизинде чет элдик жарандар ыкчам кызмат көрсөтүү тарифин тандаган маалда алардын арызы келип түшкөндөн кийин 24 сааттын ичинде визасы даярдалат.
"Кыргызстанга ишкердик, туристтик же жеке максаттар менен (досторуна келүү, медициналык текшерүүдөн өтүү жана башка) келүүнү көздөгөн чет өлкөлүк жарандар үчүн бир жолу же көп жолу кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк берген 90 күнгө чейинки мөөнөткө "Сапар визасы ("J" тиби)" деген жаңы категориядагы визаны даярдоо мүмкүнчүлүгү ачылат. Буга чейин колдонулган "ишкердик", "туристтик", "тоо туризми" категорияларындагы визалар жоюлат. Жогорудагы саамалык 2025-жылдын 22-январынан баштап "Электрондук виза" порталында жеткиликтүү болот. Ушуга байланыштуу ТИМ чет элдик жарандарга Кыргызстанга сапарларын алдын ала пландаштырууну өтүнөт", - деп жазылган маалыматта.
Толугураак маалымат алуу үчүн ТИМдин Консулдук департаментине кайрылса болот.
Дагы караңыз
Парламент төрагасы фамилиясын Тургунбек уулу деп өзгөрткөнүн билдирдиЛос-Анжелестеги өрттө бери дегенде 24 адамдын өмүрү кыйылды Өзбекстанда кримтөбөл Салим Абдувалиев эркиндикке чыкканы кабарландыТрамптын болочоктогу кеңешчиси Путин менен саммитке даярдык башталганын билдирди