Өзбекстандын улуттук курама командасынын коргоочусу Абдукодир Хусанов “Манчестер Сити” клубуна өтүп жатканы кабарланды. Ал Англиянын премьер-лигасында (АПЛ) ойной турган алгачкы борбор азиялык болуп калмакчы.
Футбол комментатору Фабрицио Романо Инстаграмдагы постунда маалымдагандай, 20 жаштагы Хусанов менен келишим 2029-жылга чейин, узартуу мүмкүнчүлүгү менен түзүлдү. Жакынкы күндөрдө спортчу медициналык текшерүүдөн өтө баштайт.
Трансфердин баасы 40 млн евро жана бонустарды түзөөрү тууралуу маалыматты The Athletic басылмасы да тастыктады. Маалыматка караганда, жаш талантка “Реал” Мадрид, франциялык "ПСЖ", англиялык "Тоттенхэм" жана "Ньюкасл" клубдары кызыккан.
Хусанов Ташкенттин "Бунёдкор" клубунда машыккан. Атасы мурда Өзбекстандын улуттук коммандасында ойногон.
Хусанов буга чейин беларустук "Энергетик-БГУ" клубунда ойноп, 2023-жылы Франциянын "Ланс" командасына өткөн.
Le 11 HDF порталынын версиясы боюнча былтыр клубдун эң мыкты оюнчусу деп
Дагы караңыз
Президенттин мурдагы жардамчысы Халиковдун Молдовада кармалышы. Кишинев Бишкектин талабын аткарабы?Бишкек издөө салган "Салимбай байбача" абактан бошондубу? Социал-демократтар: Самышева менен Катаганов сурак берди