Чехияда ресторанда жарылуу болуп, алты адам каза тапты

Чехиянын Мост шаарындагы ресторан. 11-январь, 2015-жыл.

11-январда Чехиянын түндүк-батышындагы Мост шаарындагы ресторандардын биринде жарылуу болду. Reuters агенттиги алты адам каза болуп, сегиз адам жарадар болгонун жазды.

Басылманын маалыматына караганда жарылуу 11-январдын кечинде болгон. Өлкөнүн ички иштер министри Вит Ракушан Чех радиосуна өрткө ресторандын короосунда оодарылып кеткен пропан-бутан жылыткычы себеп болушу мүмкүн экендигин билдирди. Маалымат каражаттары бул версияны окуянын күбөлөрү ырастаганын жазышты.

BILD басылмасы жарылуу U Kojota ресторанынын имаратында болгонун жазды. Басылманын маалыматында, жабыркаган сегиз адамдын ичинен алты бейтаптын абалы оор. Алар Прагадагы ооруканага жеткирилген. Полиция окуянын себебин териштире баштады.

Жарылуу болгон учурда ресторанда 20га жакын кардар болгон. Алар жана ресторандын жанындагы башка имараттардан 30га жакын адам эвакуацияланган. Куткаруучулар бир кардарды дааратканада камалып калган жеринен алып чыгышкан. Бейтаптын абалы оор деп сыпатталууда. (AiA)

Дагы караңыз

Грузияда нааразылык акциясына катышкан журналист камакка алындыТүндүк Кореянын туткун жоокерине Тыва жаранынын документи берилгенТүштүк Кореядагы учак кырсыгы "кара кутуга" толук жазылган эмес