Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-январда саат 11:52де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Силкинүү күчү Кара-Кулжа районундагы Кара-Жыгач айылында 3 баллга, Өзгөн районунун Ийрек, Курбу-Таш, Туз-Бел айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ош облусунун Ноокат районунун аймагында 9-январда да очогунда 3 баллды түзгөн жер титирөө катталган.
4-январь күнү Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 баллга жана Чүй облусунун аймагында үч баллга жеткен жер титирөө болгону кабарланган.(ZKo)
Дагы караңыз
Түндүк Кореянын туткун жоокерине Тыва жаранынын документи берилген"Акча абактан куткарбайт". Жакындарды кошо жазалаган жемкорлук мыйзамыТүштүк Кореядагы учак кырсыгы "кара кутуга" толук жазылган эмесӨз жанын кыйган, төңкөрүлгөн, соттолгон. Түштүк Кореянын президенттериТрамптын кылмыш ишин караган атайын прокурор кызматтан кетти