Аба ырайы: 12-январда күн ачык болот

Бишкек.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 12-январда кар жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 7…12;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10;

Баткен аймагында түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз 4…6° болот.

Дагы караңыз

АКШ Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” ишканасына санкция салдыЮтубдагы “Эл уксун” каналынын ээси “террордук ишке көмөктөшүүгө” шек саналып кармалдыИИМ Айдар Халиковду Кыргызстанга экстрадициялоо каралып жатканын кабарлады“Маариф” фонду окутуунун баасы өзгөртүлбөй турганын билдирди Запорожьеде Орусиянын дрон соккусунан бир адам каза таптыБишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулар эвакуацияландыБишкек жана Чүйдөгү 47 калктуу конуш газдаштырылды Ысык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды салууга уруксат берүү сунушталдыБаткенде ымыркайын мечитке таштап кеткен 16 жаштагы эне кармалды