АКШ Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” ишканасына санкция салды

“Газпром нефть Азия” ишканасынын кеңсеси.

АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына санкция салды. Эки ишкана тең Бишкектин 8-кичи районунда бир даректе катталган.

Санкцияга Орусиянын “Газпром нефть” жана “Сургутнефтегаз” компанияларынын 20га жакын туунду ишканалары илинди.

“Газпром нефть Азияны” Кыргызстандын мурдагы финансы министри Болот Абилдаев 2006-жылдан бери жетектейт. Ал андан тышкары “Газпром Кыргызстан” ишканасын да башкарат.

Юстиция министрлигинин сайтында “Мунай мырза” ишканасынын жетекчиси катары Абдукаримова Айнура Алайчиевна көрсөтүлгөн.

АКШнын чечимине байланыштуу жогоруда аты аталган компаниялар комментарий бере элек.

“Кыргызгаз” ишканасы Орусиянын “Газпром” компаниясына 2014-жылы символикалуу түрдө 1 долларга сатылып, “Газпром Кыргызстан” деп аталып калган. Кыргыз өкмөтү муну Бишкектеги жаңы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо өңдүү маселелерди чечүү максаты менен түшүндүргөн.

АКШнын Орусияга санкциялардын жаңы пакетинин киргизилиши өткөн жылдын декабрынан бери күтүлүп жаткан. Чектөөлөр Орусиянын энергетика тармагына каршы эң катаал чаралар катары сыпатталган жана орус мунай экспортуна олуттуу сокку урушу мүмкүн.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

ИИМ Айдар Халиковду Кыргызстанга экстрадициялоо каралып жатканын кабарлады“Маариф” фонду окутуунун баасы өзгөртүлбөй турганын билдирди Запорожьеде Орусиянын дрон соккусунан бир адам каза таптыБишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулар эвакуацияландыБишкек жана Чүйдөгү 47 калктуу конуш газдаштырылды Ысык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды салууга уруксат берүү сунушталдыБаткенде ымыркайын мечитке таштап кеткен 16 жаштагы эне кармалдыНурсултан Назарбаевдин аты коюлган мунай танкери АКШнын санкциясына кабылды