Запорожьеде Орусиянын дрон соккусунан бир адам каза тапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Запорожье облусунда 11-январдын таңында Орусиянын дрон чабуулунан бир аял мүрт кетти. Бул тууралуу облус администрациясынын башчысы Иван Фёдоров маалымдады.

Анын сөзүнө караганда, учкучсуз учак беш адам кетип бараткан автоунаага тийген. Анын кесепетинен 47 жаштагы аял окуя болгон жерден каза болуп, калган төрт киши ооруканага жеткирилген. Алардын биринин абалы оор деп бааланууда.

Украинанын Аскердик-аба күчтөрү орус армиясы түн ичинде 74 учкучсуз учак учурганын билдирди. Алардын 47си он бир аймактан атып түшүрүлгөн. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага жасалган аба чабуулдарына комментарий берген жок.

Майдандан бир нече чакырым турган Запорожьеге орус аскерлери утур-утур сокку уруп келет. Жаңы жылдын түнүндө да калаа аткыланган.

Орус армиясынын 8-январдын кечинде Запорожье шаарындагы аба чабуулунан кеминде 13 кишинин өмүрү кыйылган, жараат алгандардын саны 100дөн ашкан.

Далилдерге карабай, Орусия кошуна өлкөсүнүн карапайым адамдары, оорукана, бала бакча, энергетика объектилери өңдүү жарандык жайлары бутага алынганын танат. (BTo)

Дагы караңыз

ИИМ Айдар Халиковду Кыргызстанга экстрадициялоо каралып жатканын кабарладыБишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулар эвакуацияландыБишкек жана Чүйдөгү 47 калктуу конуш газдаштырылды Ысык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды салууга уруксат берүү сунушталдыБаткенде ымыркайын мечитке таштап кеткен 16 жаштагы эне кармалдыНурсултан Назарбаевдин аты коюлган мунай танкери АКШнын санкциясына кабылдыТүрк мамлекеттер уюму дүйнөлүк туризмди өнүктүрүү долбоорлорун сүрөйт